““Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери “Де-факто” гезитине каршы “Кадыр-баркын жана аброюн коргоо жөнүндө” доо-арызын жазды” – деген билдирүүнү фракциянын катчылыгындан маалымдады.
“Де-факто” гезитинин 21.04.2017 ж., чыккан “Бакыт Төрөбаев Максим Бакиевдин “Проекти” кол жеткис убадалары менен, президенттик шайлоого аттанмакчы” аттуу макаладан улам, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна арыз жазылган.
Арызда төмөндөгүлөр айтылууда: – “Аталган макалада жазылган маалыматтар, чындыкка дал келбегени менен бирге, инсандык абройго жана кадыр-баркка шек келтиргени кыжырыбызды келтирет”.
“Бакыт Төрөбаевдин жактоочулары сот, “Де-факто” гезитинин редакциясынан, аталган макалага жокко чыгаруу жарыялоо берүүсүн жана жазган авторлордон моралдык зыян келтиргени үчүн беш миллион сом компенсация төлөп берүүсүн талап кылсын” – “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын секретариаты тараткан пресс-релизде айтылууда
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ