Тажикстанда Кыйноолорго каршы коалиция Согди облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына кат жазып, Ворух айылындагы карыган кишинин сабалышын калыс иликтөөнү талап кылды.
10-июнда милиция кызматкери жергиликтүү тургунду сабаганы тартылган видео соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан.
Ворухтун жашоочулары бул окуя иликтенип жатканына карабай, тарип сакчы Шерзод Пиронзода иштен четтетиле элек экенин билдиришүүдө. Ворух айылдык кеңешиндеги милиция бөлүмү Пиронзодага расмий түрдө айып тагыла электигин, иликтөө бүткөнгө чейин иштей берерин тастыктады.
Кыйноолорго каршы коалиция Исфара шаардык прокуратурасынан тергөөчүлөр бул окуяны эмне себептен иликтөөгө ашыкпай жатканын сурады.
Милиция менен жергиликтүү тургундун ортосундагы жаңжал 10-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекетте болгон. 61 жаштагы айдоочу Ислом Ахмедов МАИ кызматкери менен тартыша кеткенин, бул маалда милиционер келип, ур-токмокко алганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ