Британ полициясы 3-июнда Лондон көпүрөсүндөгү террордук чабуулга байланыштуу кармалган 12 кишиге айып такпастан коё берди.
Кармалгандардын бардыгы тең чабуул жасады деп шектелген. Алардын баары тең Баркинг районунун тургундары.
Лондон полициясынын маалыматы боюнча 3-июндагы кандуу чабуулду 27 жаштагы Курам Батт менен 30 жаштагы Ричард Редуэйн жасаган. Үчүнчү кишинин аты-жөнү азарынча айтыла элек. Батт Пакистанда туулган, британ жарандыгын алып жүргөн, мурда британдардын атайын кызматына белгилүү болгон. Редуэйн (Рашид Эльдар ысым менен да жүргөн) Ливиянын жана Марокконун жарандыктарына ээ болгон.
Sky News телеканалы өз булактарына таянып, чабуул жасагандар айдап барган кичи автобустун багажынан 10 бөтөлкөдөй колго жасалган жардыруучу заттар табылганын кабарлады. Учурда алар экспертизадан өтүүдө.
3-июндун кечинде Лондон көпүрөсүндө кичи автобус жөө кишилерди сүзгөн, андан кийин ичинен чыккан үч киши чыгып ресторанда отурган кишилерди бычакташкан. Жети адамдын өмүрү кыйылып, ондогон адам жаракат алган, көбү ооруканада.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу кол салуу үчүн жоопкерчилик алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ