Menu

БУУнун башкы катчысы Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырат

Бөлүшүү:

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрүнө – Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга келет.

БУУнун жаңылыктар борборунан кабарлашкандай, 8-9-июнда Гуттериш Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде сөз сүйлөйт.

БУУнун башкы катчысы 10-июнда Самархандга келип, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук форумга катышат. Күндүн экинчи жарымында БУУнун жетекчиси Каракалпакстанга барып, Арал аймагын тик учак менен кыдырып чыгат.

БУУнун башчысы 11-июнда Бишкекке келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Андан соң ал Ош облусуна барып, 2010-жылдагы трагедиялуу июнь окуяларын эскерүүгө арналган иш-чараларга катышат.

12-июнда Антониу Гутерриш Тажикстанга, 13-июнда Түркмөнстанга барып, бул мамлекеттердин президенттери менен жолугат. Дүйшөмбүдө ал туруктуу өнүгүү боюнча конференцияга, Ашхабадда Борбор Азиядагы терроризм менен күрөшүү боюнча стратегиянын аткарылышы боюнча жогорку деңгээлдеги отурумга катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: