Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев пара менен кармалган соттордун бардык чечимдерин карап чыгуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, акыркы жылдары бир катар соттор жоопкерчиликке тартылган. Мындан улам эл өкүлү: “Алар сот болуп турган кезиндеги чечимдерди карап чыгуу керекпи? Судья пара менен кармалганы анын чыгарган бардык чечимдерин карап чыгууга негиз болот”, – деди. Ал эми Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева кармалган соттор бир иш боюнча гана кармалышканын жана анын бардык чечимдерин туура эмес деген болбой турганын билдирди. Бирок бул жерде депутат Исхак мырза тура маселени көтөрдү. Чындыгында сот пара алып кармалган болсо, демек буга чейинки иштерин да пара алуу жолу менен чечип келген десек жарашат. Башкача айтканда, сот акыйкат чечим чыгарган деп ишенүүгө болбойт. Андыктан паракор сот чыгарган күмөн саналган чечимдер кайра каралып, укуктук баа берүүгө туура келет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ