Menu

Мен чындыкты издедим! Бирок таппадым…

Бөлүшүү:

Урматтуу Редакция!

Мен ИИМ ардагери Абдыкалыкова Акмарал 2013 жылы Аламүдүн районуңдагы Байгелди айылындагы, «Дружба-Прогресс» МВД-дачасынан №143 участокко (5 сотых), соттун чечими (05.2016-ж) менен Аламүдүн мамкаттоодон кызыл китеп алганмын. 2016-жылы ноябрь айында чет өлкөдө жүргөндө, «Дружба-1» дачасынын төрагасы Рузибоев Шарали Рахмотович өзүм билемдик менен скважинадан туз кеткен суусун менин участогумда мурдатан турган 10 тонналык цистерна бочкага, трубасын жердин асты менен алып келип туташтырып, экинчи жагынан жердин асты менен өздөрү жакка иче турган суу кылып тартып кеткен экен. Ошол сууну элине сатып, капчыгын кампайткан. Бул боюнча терага, совет правления, учредителдер эч кимиси билбейт. Рузибоевдин биздин дачага эч тиешеси жок киши. 2017-жылы май айында мен Рузибоевди чакырып документтеримди көргөзүп, цистернадан суусун чыгарып кетүүсүн айттым. “Биз спонсор таап бочканы тазалатыш, балдарды иштетип сууга улаганбыз” – дейт! Ошол эле жылы май айында №143 участок жериме айландырып фундамент куруп тосо баштадык, кызыктын баары ошондо башталды. Рузибоев адамдары менен курулушка тоскоолдук кылып, цементтерди уурдап, курулушту талкалай баштады. Т.а. 2017-жылы июнь-июль-август айларында менин жер тилкемде 5 оор кылмыш иши болуп, анын үчөөнө кылмыш иши козголгон. Баш-аягы 35 кап цемент, тосулган забор талкаланган, кумду атайылып сууга агызып, дарбазаны талкалап салышкан (жалпы чыгым 100 миң сом). Суу боюнча бир дагы документи жок. Мыйзамсыз башка бирөөнүн жерин басып алып мүлктөрүн талкалап, тымызьш кылмьпп иш жасагандарга чара көрүүнүукук коргоо органдарынан суранамын.

Жогорудагы кылыктары аз келгенсип Ш.Рузибоев Аламүдүн экотехинспекциясына үстүнөн арыз менен кайрылат. Экотех кызматкерлери: башчысы Эркин Кангелдиев, инспектору Эсен Кушназаровдор акылга сыйбаган документти жазып, төмөндөгүдөй АКТ №0008495 от 14.07 №35-18/365» саны менен чыгышталган катты, Рузибоевге беришет: Анда: «Согласно, схемы генплана дачи, уч. №143 находятся рядом распредсистемы оросительных сетей поливной воды. Водонапорной башни и его охранной зоны». Строительство ведется «на территории водопроводной башни и его охранной зоны» деп жазышат! Буга чейин жерге ээлик кылган толук документтердин топтомун колдоруна бергем. Чечим чыгараардан мурун Рузибоевден бул жерге кандай тиешең бар? Сууну чыгаруунун документгери барбы деп сурашпайбы.

АКТ – бул юридикалык документке кирет! Акт сотгун чечими менен же жогорку турган органдын чечими менен гана жокко чыгарылат. Кангелдиев Эркин убагында Чүй ОИИББнын башчысы бсшуп иштеген, законду сыйлоо менен закон эмне экенин билиш керек эле го?! Эсен Кушназаровдун мага чейин да чуулгандуу, туура эмес иштери толтура экен! Өзүнүн билиминин тайкылыгынан республикалык экотехтен айдалып, ушул районго келгенин айтышты. Булардын жалган, жок документтин негизинде түзүлгөн Актсы боюнча мен республикалык мамэкотехинспекциясына арыз менен кайрылдым.

03.08.2017 жылы республикалык мамэкотехинспекциясьшын жер жана суу башкармалыктарынын адистеринен комиссия түзүлүп, 2 эргулдун берген «заключениеси» жокко чыгарылып, Абдыкалыкованын тебеленген укуктары КРньш мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирилүүгө тайиш, ал эми Рузибоев 30 күн б.а. 04.09.2017-ж чейин №143-уч. өзүм билемдик менен туташтырылган трубаларын толук чыгарып, участокту бошотуу боюнча жазма буйрукберишкен (Акт №0008491 от 03.08.2017-ж.). Ал эми Кушназаров кызматынан бошоп «распоряжение кадрда» жүрүп калды.

03.08.2017- жылы чыгарылган Актсына заключениени таркеп, Рузибоевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоону сурап, Аламүдүн РИИБсине арыз менен кайрылдым. Рузибоев колундан эмне келет деп законду тоготпогондон кийин мен атайын комиссиянын чечимин сурап, арыз менен республикалык мамэкотехинспекцияга кайрылдым. 2017-жылы 15-сентябрда №329 буйрук чыгып «О создании специально рабочей комиссии» түзүлүп, ага тиешелүү болгон: суу, жер, экология, курулуш, архитектура, экотех, мамкаттоо, департамент кадастр ж.б. адистерин тартуу менен комиссия 6 ай иштеп, дачанын пайда болгон күнүнөн – ушул күнгө чейинки документгерин толук изилдеп чыгьппкан. Комиссия иштеп жатканда 29.09.2017-ж. Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Тынычбеков Нурсултан, прокурор иш козго деди – деп, менин үстүмдөн КРнын КЖКнын 353-ст. 2.п. менен «өзүнүн менчик жерин өзү өзүм биливдик менен басьш алган» деп №58-17-864 сандагы кылмыш ишин козгогон. Ушундай статья барбы? Кызыгы: АКТ №0008491 от 03.08.2017-жылы менин закондуу бүт документтерим, прокурор менен тергөөчүнүн, жала начальниктеринин колунда турган! Тергөөчүнүн билим деңгээли жетпесин, прокурордун билими, акылы кантипжетпеди? 2017-жылы 15-сентябрдагы атайын түзүлгөн өкмөтгүк комиссиянын иши 200 барак документ топтоп, 8 барак справка түзүл-гөн. Рузибоевдин кылмыштуу араке-тин статьялар менен белгилеп, Кушназаров менен Кангелдиев түзгөн 2017-ж 14.06. №0008531 Акты менен №35-18/365 каты экинчи жалу толук ашкереленип, өлүккө чыгьш жаназасы толук окулуп:

– По итогам проведенной проверки: «Э.Кушназаровым были отражены необъективные сведения» – «В отношении инспектора по Аламудунскому и Ыссык-Атинскому районам Кушназарова Э., передать материалы для рассмотрения правовой оценки в Упр. Правовой оценки и противодействия коррупции» – деп, комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарган. Эркин Кангелдиев менен Эсен Кушназаровдун асмандан алган заключениесинин негизинде:

1.2018-жылы 16-мартында Аламүдүн райадминистрациясынын юристи Б.Мыктаров, Аламүдүн раймилициясынын кызматкери А.Турусбеков, Аламүдүн экотехинспектору М.Турганбаев, Аламүдүн мамкаттоо кызматкерлери Р.Ыбыкеев жана картографы К.Эрмекбаевдер, мага билдиришпестен менин менчик жериме барышып, Эркин Кангелдиев менен Эсен Кушназаровдун асмандан алган заключениесин кайра тирилтип жан киргизишип, №0008531 Акты менен № 35-18/365 далилдейт. Б.а. Абдыкалыкованын участогу башка жер тилкеде жайгашкан, ал жерде №143 – участокто Аралбаев Сейдакмат үй-бүлөсү менен жашагандыгы аныкталды – деп, кайрадан закондуу АКТЫ түзүшүп, бешөө тең кол коюшкан.

2. Мен кылмышкер болуп, мага кылмыш иши козголду.

3. NTB телевидениеси аркылуу «жер баскан полковник аял» деп тележылдызга айлантьш, кышы менен мени көргөздү.

Эй! Уяты жок билимсиз жемкорлор! Жегениңер ичиңерден түшпөй калдыбы! Ар кимдин көзүнүн жашы аркылуу бала-чакаңарды багып адам болуп жүрөсүңөр силер да! Жазаланбай, ар түрдүү ыкма менен чычканга окшоп чыгып кетип жатасыңар! Ушул кат жетээр, сабатсыз арамдар! Билимиңер жок, акылыңар жетпегенден кийин кароол же көчө шыпыра турган физический ишке иштебейсиңерби! Кудайдан жетсин! Кантип ичип-жеп жашап жүргөнүңөрдү эл билсин! Уятсыздар!

Туура 1 жыл толду, Рузибоев даты деле менин жеримди тебелеп-тепсеп суусун сатып, чыгарган чечимдерге, Кыргызстандын закондоруна түкүрүп коюп кылмыштарын улантып жатат. Өкмөттүк комиссиянын чыгарган чечими, Абдыкалыкованын бузулган укуктары КРнын мыйзамдарында каралган тартипте калыбына келтирүүгө тийиш. Рузибоев өзүм билемдик менен Абдыкалыковага таандык болгон №143 жеке менчик жер – тилкесине, ичүүчү суунун суу бочкасын өз алдынча иштете баштаганы, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алгандыгы болуп эсептелинет. Б.а. КРнын Конституциясынын 12- ст., КР Жер Кодексинин 3-ст., 49-ст. талаптары одоно түрдө бузулган -деген, 6 барактагы «заключениесин» тергөөчү Тынычбековдун колуна өзүм алып келип бергем, делодо тигилип турат! Ушул күнгө чейин Рузибоевдин үстүнөн кылмыш иш козголгон жок! Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргыздын закондорун сыйлоого милдеттүү! «Дружба – 1» дачасындагы жерлерди каалагандай калчап жатат! Аны ким текшерет? Мына прокурордун текшере турган иши!

Эми милиция жаатында болсо, менин үстүмдөн таги эки эргулдун жалган заключениесинин негизинде, өзүнүн жерин өзү законсуз бас алган деген – мотив менен билими тайкы, Аламүдүн прокурорлору менен Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Тынычбеков Нурсултан мага билдирбестен кылмьпп иш козгогон да, кайра мөөнөтү келгенде токтотуп койгон. Менин арызым менен кайра ишти жандандыргандан кийин, ошол эле райондун тергөөчүсү Каразак  уулу Нуркыяз сурак протоколунун бланкасын берип, элдерди сурап  келесин – деп мени милдеттендирип отурат. Убактым жетишпей сурай албай калсам мени тилдеп, числосун жаздырбай, өзүмө тергөө амалдарын жасаткан. Иш боюнча эмне кылаарын билбейт, билими жок, метр алып начальникгери менен менин жеримди өлчөп жүрүшөт, колунда атайын жер өлчөгүчтөр менен адистерден түзүлгөн комиссиянын «Заключениелери» бир эмес экөө турса, аны окуп түшүнгөнгө акылдары жетпейт. Чүй ОИИББнын тергөө башчысы Т.Усупов менен Р.Бердибеков колуна келген кагаздарды окушпаса, ошондой эле прокурорлор да окушпай туруп утуру кийинкисине тээп койсо, анысы акылына жараша жооп жазса, түшүнбөй туруп кол коюп олтурушса, бул эмне дегендик!? Мен өмүр бою тергөөнүн нанын жегем, билем тергөө жүргүзүүнү. Эгерде врач же мугалим Каразак уулуна түшүп калса, алар кантип тергөөчү үчүн иштеп, тергөө амалдарын жүргүзүшөт?! Кьшмыш ичиндеги 200 барак мен тарабынан даярдалган, суралган протоколдор… Алардын көчүрмөлөрү менде турат, мен сурагандар айтып берет, үйлөрүнөн сурап келгенимди. Бир ай ичинде тергөөчү Каразак уулу бир да тергөө амалын жүргүзгөн жок! Тергөөнүн мөөнөтүн жеп, кылмыш ишин кайрадан токтотуп койду.

Жогорудагы закон бузуулар боюнча: 2018-жылы январь айынан бери 22 жолу прокурорлорго жана милицияларга кайрылдым.

Аламүдүн РИИБнүн башчысы Б.Артыкуловго, Э.Үркүновго 6-жолу, арыз, арыз-отвод жаздым. Чүй ОИИББнын мурунку башчысы Н.Сарчаев менен ТББнын башчысы Т.Усуповго 4-жолу арыз жана отвод-арыз менен кайрылдым. Аламүдүн райпрокурору З.Бейшеев орун басары Ж.Мырзакановго 6-жолу, арыз, арыз-отвод менен кайрылдым. Чүй областынын прокурору А.Өскөмбаев менен орун басары Р.Маженовго 4-жолу арыз, арыз-отвод менен кайрылдым. Эч жыйынтык да чара да колдонушпады, себеби окушпайт экен. ТББ-ИИМдин Т.Үмөталиевке оозеки 3-жолу кирип, делону алдыртып, ошол эле күнү Каразак уулуна кайра колуна берип койду. Үмөталиев-Махмудовго, ал Акматов Түгөлбайга, ал мага “Сизди укканга убактым жок, кийинки жумадан кайрыл” – деп жолго салды.

Адам тагдыры менен ойногон, өзүнүн ишин билбеген, жоопкерчилик сезбеген, билимсиз – түркөйлөрдүн жогорку кызматта отурганы жана кыргыз мамлекетиндеги алмашкыс, өтө баалуу, билим майданы толук «Деградацияга» учураганы, ач жемкорлор, билими жок жалдырамалар, эки жүздүү кошоматчылар кыргыз интеллигенциясын толук талкалап түгөткөнүн убакыт далилдеп жатат!

Мыйзамсыз иш козгоду – ким жооп берет? 10 айдан бери сасытып сактап жүргөн кылмыш ишине, бир жылдан берки, менин моралдык жана материалдык азап чегүүмө ким жооп берет?

Менин азыркы абалым, ар бир кыргызстандыктын башына түшүшү мүмкүн жана мага чейин деле түшүп жатканын угуп, көрүп жатасыздар! Законду түшүнбөгөндөр, тагдыр чечүүчү жерде отурганы, ар бир кыргызстандык жаран коркунучтуу абалда экенинин билип койгула!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: