Menu

Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Атамбаев бүгүн, 14-июнда,  Улуттук энергетикалык  холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына  өлкөнүн энергетикалык системасын  алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү жумуштар, ошондой  эле  өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар  туурасында маалымат берилди.

Айбек Калиев  Президентке  модернизациясын  аяктап, Бишкек шаарынын ТЭЦин  ишке киргизүү боюнча даярдык туурасында маалымдады. Модернизациядан кийин энергообьекттин кубаттуулугу  жогорулап,  жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен иштеп, натыйжалуулугу өсөт. Ошондой эле  Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча жумуштардын жүрүшү тууралуу  дагы айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев   күз-кыш мезгилинде калкты   энергия  менен туруктуу камсыз кылуу  үчүн алдыдагы жылытуу сезонуна сапаттуу даярдык көрүүнүн маанисин баса белгилеп,  өлкөдөгү энергетикалык долбоорлорду өз мезгилинде жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: