Menu

Еврокомиссия Польша, Венгрия, Чехияга айыппул салуу маселесин кароодо

Бөлүшүү:

Еврокомиссия квота системасы менен качкындарды кабыл алуудан баш тарткан Чехия, Венгрия жана Польшага карата юридикалык куугунтуктоолорду баштады.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 2015-жылы басымдуу бөлүгү Италия жана Грекиядан келген 160 миң качкынды кабыл алууга макулдашкан. Румыния, Словакия, Венгрия, Чехия баштаган Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү бул демилгеге каршы чыгышкан.

Учурда Польша менен Венгрия бир дагы кишини кабыл ала элек. Чех Республикасы 12 бозгунду кабыл алды, бирок ушул айда коопсуздукка коркунуч келтирет деген жүйө менен макулдашуудан чыга турганын жарыялады. Качкындарды бөлүштүрүү схемасы бул өлкөлөрдө такыр популярдуу эмес.

“Чех Республикасы, Венгрия жана Польша бир нече жолку чакырыктарыбызга карабай, тиешелүү кадамдарга барышпаганын өкүнүү менен билдирем. Мындан улам комиссия бул өлкөлөргө карата юридикалык куугунтуктоолорду көрө баштайт”,-деди ЕБнын миграция боюнча комиссары Димитрис Аврамопулос.

Чехиянын премьер-министри Богуслав Соботка Евробиримдиктин аракеттерин айыптады. Ал Еврокомиссиянын квота схемасы функционалдуу эмес экенин айтты.

Макулдашууну бузган өлкөлөргө ири өлчөмдөгү айыппулдар салынышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: