2017-жылдын 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылынын тургуну 1995-жылы туулган К. уулу У. Күрөбөз жайлоосунда кой кайтарып жүргөн жерге чагылган түшүп, денеси күйгөн. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жабырлануучу тез жардам автоунаасы менен Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алынып келинип жаткызылган.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча анын денесинин 10%ы күйүп, азыр абалы оор.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ