Menu

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июндан башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди.

-Президенттик шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому жарыялангандын эртеси талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталат. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсү боюнча, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин БШКга тапшырышы керек.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук иш-чаралардын календарлык планын, каржылык чыгымдардын сметасын бекитет. Өзүн өзү көрсөткөндөргө белгиленген формада арыз толтуруп, Боршайкомго берүү талабы коюлган. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыздоо багытында бир катар тапшырмалар берилди. Токтом кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: