Menu

Ошто “Сүйлөө чеберчилиги” боюнча окуу курсун ийгиликтүү аяктаган дин кызматкерлерине сертификаттар тапшырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июнда Ош облустук казыятында дин кызматкерлери үчүн уюштурулган сүйлөө чеберчилиги багытындагы окуу курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар тапшырылды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Иш-чарага аталган курстун катышуучулары болгон Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жетектеген казыят жамааты, Араван районунун башкы имам-хатиби Умарали ажы Муратов жана Чечендик өнөр мектебинин тренери  Нуркамил Абдуллаев катышып, окуу курсун ийгиликтүү аяктагандарга атайын сертификаттарды тапшырды. Тренер Нуркамил Абдуллаевдин айтуусунда  дин кызматкерлери үчүн уюштурулган 16 сааттык окуу курсунда эл алдына чыгып сүйлөөдөгү коркунуч, сүрдөө жана толкундоону жоготуу, туура, так таза жана маданияттуу сүйлөө жолдору, сөз байлыкты арттыруу, коркуу, тартынуунуу жана жүрөксүнүүнү терс көрүнүштөрдөн башкаруу, кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу, вербалдык жана вербалдык эмес  байланыштар, көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу жана үндү  туура коюу ыкмасы, оратордун негизги куралдары, сөз каражаттарын топтоо, тексттер менен иштөө, аудиторияны башкара билүү, убакыт менен иштөө, профессионалдуу презентация жасоо жана анализ жүргүзүү  жөнүндө теориялык билимдер берилип, бир нече практикалык тапшырмалар аткарылган.

Семинарга жетекчи катары катышкан облус казысы Самидин кары Атабаевдин айтуусунда дин кызматкерлери дайыма коомчулуктун алдында идеология жайылтып, Исламдын баалуулуктарын жана бийик адеп-ахлактык тарбияга үндөө багытында иш алып баргандыктан, ойду жогорку деңгээлде жеткирүү жана ырааттуу сүйлөө техникаларын өздөштүрүүгө милдеттүү экендигин белгилеп, андыктан өткөрүлгөн семинар дин кызматкерлеринин коомчулук арасында жеткиликтүү жана сабаттуу сүйлөөсүнө өбөлгө болоорун билдирди.

Эскерте кетсек, окуу курсунун 2-этабында казыят кызматкерлери үчүн “Лидерлик” темасында тренингдер уюштурулмакчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: