Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүнкү, 19-июндагы жыйынында Ош шаарында мектеп куруу тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишимди жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз моюнуна алат. Андыктан алар курулуш материалдарынан тартып курулуш техникаларына чейин өздөрүнүкүн колдонушат. Жаңы мектептин имараты кыйроо (авариялык) абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат.
«Мектеп 630 орунга эсептелип, кыргыз тилинде билим берет. Анын курулушу ушул быйылкы жыл ичинде толугу менен аяктап калат,- деп болжолдонууда», – дейт К.Шадыканов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ