Menu

Белоруста мугалимди мууздаган эки бир тууган атууга кетти

Бөлүшүү:

Могилев облустук соту райборбордун тургундары – 21 жаштагы Илья менен 19 жаштагы Станислав Костевдерге мугалим болуп иштеген Наталья Кострицаны өлтүргөндөрү үчүн өлүм жазасы өкүм кылынды. Бул чуулагандуу кылмыш ишин өлкө президенти Александр Лукашенко жеке көзөмөлүнө алган. Өлүм жазасын мамлекеттик айыптоочу Юлия Бокая катуу талап кылып туруп алды.

Бир туугандар кылган кылмыш 2019-жылдын апрелинде Чериков айылынын четиндеги үйдө болгон. Үй өрттөнгөндөн кийин 47  жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан – анын денеси бычак менен тытмаланганы аныкталган. Каза болгон аял – дефектолог мугалим Наталья Кострица эле. Көп өтпөй коңшу жашаган Илья менен Станислав кармалган. Тергөө учурунда бир туугандар менен мугалим айым касташып келгени аныкталган.

Сурак учурунда, алар Наталья Кострица алардын эжеси кичинекей балдарына карата ата-энелик милдетин аткарбай, бөбөктөр коркунучтуу социалдык абалда экенин айтып, милицияга кайрылган экен. Ошондо бир туугандар коңшу аялга кек сактап калышат. 10-апрелде катуу ичишип, териштиргени коңшунусуна жөнөшөт. Кострица аларды үйүнө киргизгенде, алар ала келген бычактары менен аялды туш келди сайгылай баштап, 130 жеринен жарадар кылышкан. Мугалим көз жумганда, Костевдер баалуу буюмдарын алышып, кылмыштын изин жашыруу үчүн үйгө өрт коюшкан. Айыпталгандар күнөөлөрүн мойнуна алышкан. Акыркы сөз берилгенде, мугалимдин туугандарынан кечирим сурашкан.

“Бизге мүмкүнчүлүк бергиле, биз дагы толук кандуу жаран бололу. Эркиндик менен байланыштырып турган жипти жоготуп алгыбыз келбейт”, – деп кылмышкерлердин бири Станислав Костев өлүм жазасын алгысы келбеген.

Өкүм чыккандан кийин каза болгон мугалимдин энеси соттун өкүмүн туура көрүп, эч качан кызын кыйнап өлтүргөндөрдү кечирбестигин айткан.

“Алар менин кызымды түнү бою кыйнашкан. Анан малдай кылып мууздап, денесин сууга чөктүргөнгө жетишпей калышкан. Мындайлар жер үстүндө жашабашы керек”, -деген байкуш эне.

Сот өкүмү чыккканда залдагылар кол чаап, бирок соттолгондор кебелип да коюшкан эмес. Алар эми өкүмгө каршы 10 күндүн аралыгында арыз жаза алышат.

Белгилей кетсек, Белорусь – өлүм жазасы бар Европадагы жалгыз өлкө. Өлкө бийлиги эң жогорку жазаны колдонгону боюнча сандарды чыгарышпайт. Атыла турган күндү, жерин соттолгондордун туугандарына билдиришпейт. “Вясна” укук коргоо борборунун маалыматы боюнча, Белоруста 1990-жылдардан бери өлүм жазасына 400 киши кеткен. Мындай өкүм менен 2019-жылы эки киши жаза алган, дагы үч киши жазанын аткарылышын күтүп жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: