Menu

КСДПнын жетекчилигинен Чыныбай Турсунбеков кетирилип ордуна Фарид Ниязов шайланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-июнда КСДПнын саясый кеңешинин жыйыны болуп, анда КСДПнын төрагасынын орун басары, номиналдуу төрагалык милдетин аткаруучу Чыныбай Турсунбеков жетекчиликтен кетирилип, анын ордуна КСДПнын төрага орун басары болуп Фарид Ниязов шайланды.

2011-жылы партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин ал мыйзам боюнча партиянын жетекчилигинен кетиш керек болучу. Ошондуктан ал ооз жүзүндө партиянын жетекчилигинен кетип, төрагалык милдетти аткаруу анын 2010-жылкы төңкөрүштөн кийинки орун басары боло калган Чыныбай Турсунбековго тапшырылган. Бирок иш жүзүндө партияны Атамбаев өзү эле башкарып келатканы сокурга деле дайын болчу. Эми Чыныбай Турсунбеков ошол формалдуу жетекчиликтен да кетирилди.

Биздин маалымат булактары кабарлагандай, Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы кандай жол менен КСДПнын мүчөсү жана төрага орун басары боло калгандай айла-амалдар менен Алмаз Атамбаевге барып, 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого мураскерликти сураган экен. Атамбаев: “эл катары шайлоого катыша бер, утуп алсаң жеңиш сеники” деп  табышмактантып коюптур. Ал сөздү бел туткан Чыкең жакшы эле күпүлдөп шайлоого даярданып кирди эле бирок атакеси партиянын жетекчилигинен алдырып салды.

Албетте бул чечим КСДПнын саясый кеңешинин чечими эмес, жеке Алмаз Атамбаевдин чечими. Саясый кеңештин составынын сапаттык деңгээлинен көрүнүп тургандай алар мындай чечимдерди кабыл алалышпайт жана алар бир эле кишинин оозун карап турушат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: