Menu

Жалал-Абадда депутаттардын көпчүлүк коалициясы жалпы депутаттарды биримдикке чакырды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңыдан шайланып келген депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын шаар жана шаардыктардын тагдырын тезирээк оң чечүү максатында биримдикке чакырып, кайрылуу жасады. Алар 29-июнь күнү биринчи сессияга чогулуп, шаардын эң зарыл маселелерин чечип берүү зарылдыгын белгилешти. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Шаардык кеңештеги КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика” партияларынан шайланган депутаттардан түзүлгөн  “Жаңы багыт” көпчүлүк  коалициясынын лидери Сайдулла Чимбердиевдин айтымында, буга чейин эле шаардык кеңештин жаңы 8-чакырылышынын биринчи сессиясын өткөрүү аракети болду, бирок сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын келбей койгондуктан кворум жетишпей, биринч сессия өтпөй калган.

Ошондуктан, депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы учурда шаарда жаралган саясый кырдаалды мындан ары курчутпоо максатында азчылыкта калган “Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын депутаттарын 29-июнь күнү өткөрүлүүчү шаардык кеңештин биринчи сессиясына катышууга дагы бир ирет чакырууга мажбур болушууда.

-Мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки жумадан кем эмес убакыт ичинде биринчи сессия өткөрүлүшү керек. Убакыт өтүп баратат, айрым партиялар жалпы ишке тоскоолдук жаратышууда. Шаарды өнүктүрүү максатында пландалган жумуштарды мындан ары кечиктирбей аткаруу үчүн тез арада шаардын бюджетин бекитүү маселеси турат, – дейт С. Чимбердиев.

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылы 11-декабрда өткөн. Анда шаардык кеңешке КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Республика”, “Ата-Журт” партияларынан депутаттар келишкен. Бирок, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын демилгеси менен депутаттар көп өтпөй таркап кетишкен. Кийинки шайлоо 28-майда өтүп, шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика”,  “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” партияларынын депутаттары келишкен. Биринчи сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары келбей коюп, азырга чейин төрага, мэр шайлана элек жана шаар бюджети бекитилбей турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: