Menu

Сооронбай Жээнбеков «БМЗ» ААК аймагынан кездеме жана тигүү өнөр жайы үчүн Технолис курууга жер тилкесин бөлүүнү тездетүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-июнда, Бишкек шаарындагы «Бишкек машина куруу заводу» ААК жана  «Бишкек штамп заводу» мамлекеттик ишканасына барды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматы билдирет.

Өкмөт башчысы ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын аймагын көрүп, өнөр жай цехтеринин абалын карап чыгып, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү.
Премьер-министр убагында В.И. Ленин атындагы завод өзүнүн өндүрүмдүүлүгү жана потенциалык жагынан өзгөчөлөнүн турганын билдирди.

Ал баса белгилегендей, мурдагыдай рентабилдүүлүктү жана эффективдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн, «БМЗ» жана «БШЗ» ишканадарын башкаруусун жана аймагын так бөлүп алуу керек. «БШЗ» ААК стратегиялык мүнөздөгү режимдик объект болгондуктан ал жакта көрсөтүлгөн тартипте гана иш алып баруу зарыл.
«Бүгүнкү күндө заводдор финансылык көйгөйлөргө туш болуп, миллиондогон карыздары менен, өз кампасындагы даяр продукцияларды ишке ашыра албай жатат. Бизнес коомчулугу тарабынан көптөгөн кызыгуулар бар. Ошондуктан «БМЗ» ААК аймагын бөлүп, ал жакка жеңил өнөр жай тармагындагы Технополис курууга жер тилкесин бөлүп, ал эми «БШЗ» мамлекеттик ишканасында купуялуулук режимди сактоо керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр өлкөнүн өнөр жай тармагын келечекте өнүктүрүү жана кайра жандандыруу үчүн «БМЗ» ААК өндүрүштүк дараментин  жана аймагын максималдуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга Технополис долбоорунун аймагын ишке киргизүү,  жеңил өнөр жай жана тигүү өндүрүшүн жана башка өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесин ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Технополис долбоорун каржылоонун баштоо менен кошумча 10 миң жумушчу орундары түзүү мүмкүнчүлүгү жаралат, салыктык төлөмдөрдүн келип түшүүсүнүн  көлөмү көбөйөт жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө кошумча дем берет. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна «БМЗ» ААК жана  «БШЗ» мамлекеттик ишканасын  стратегиялык өнүктүрүү  боюнча деталдуу бизнес план иштеп чыгууну жана аны Өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, жакынкы убакта ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана инвесторлордун катышуусу менен өндүрүштүн кубаттуулугу жана ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн төгөрөк стол өткөрүү пландаштырылууда.

Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагагсы  Дүйшөнбек Зилалиев, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы  Болсунбек Казаков, Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетини төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары  Нурбек Дуйшеналиев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: