«Саясатта достук болбойт, кызыкчылык гана болот» деп айтылат эмеспи. Президенттик шайлоо жакындаган сайын кастар дос болуп, достор душманга айлана баштады. Мына кечээ эле Бабановду сатып кеткен Канат Исаев, учурда кайрадан Өмүрбек мырзаны шынаарлап жанынан чыкпай калды. Сыягы, президент болуп калса деп арканды алыс ыргытып, бир кездеги кемчилигин оңдоонун аракетин көрүп, ар-намысын жыйыштырып койгондой. Бабанов болсо бир кезде тескери бурулуп кеткен Исаевди шайлоодо кереги тиет деген таризде, жүрө берсин «шыйпаңдап» деп жаткандай. Шайлоо бүткөн соң экөө баягыдай эле жүз карашпай калаарында шек жок. Анткени Бабанов сатып кеткен адамын кечире албайт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ