Menu

Илимдер Академиясы Аргентина менен кызматташат

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-декабрда  КР УИАнын  президентти  Мурат Садырбекович Жуматаев  Аргентина  Элчилигинин  өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун максаты  Кыргызстандын Илимдер академиясы менен алгачкы таанышуу жана эки өлкөнүн илимий багыттагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү  боюнча сүйлөшүү.

КР УИАнын президентти Мурат Жуматаев келген конокторго илимдер академиясынын бай тарыхы, КР УИАнын базасында биргелешип иштешип жаткан эл аралык илимий борборлор жөнүндө айтып берди.  Академик А.Жуматаев тоо-кен казуу өндүрүшү үчүн жабдууларды иштеп чыгуу жана санариптик технологиялар тармагындагы тажрыйба алмашуу  маселелерин белгилеп кетти: «Мисалга: Кыргызстандын  окумуштууларын Аргентинадай өнүккөн өлкөдө тоо системаларын коргоо жана суунун сапатына кам көрүү боюнча  кандай чаралар көрүлөөрү кызыктырат” – деди ал.

КР УИАнын президиумунун башкы илимий  катчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Бекмамат Мурзакматович Женбаев келген конокторго Эл аралык илимий мекемелер менен биргеликте экологиялык коопсуздук, аба-ырайынын өзгөрүүсү, биздин өлкөнүн фаунасынын жана флорасынын генетикалык банкын түзүү боюнча алып барган иштери жөнүндө айтып берди.

Аргентина Республикасынын Россиядагы, Беларусиядагы, Кыргызстандагы, Казакстандагы, Түркмөнстандагы Өзбекстандагы  Элчилигинин  Илим жана инновация бөлүмүн жетектеген Гастон Фиэлли: «Биздин окумуштуулар келечекте кызматташа турган бир нече  багыттарды көрүп турабыз, ага – тоо илимдери, айыл-чарбачылык, экология, санариптик технологиялар жана албетте, адабият жана  маданият багытындагы биргелешкен долбоорлор менен иштешсек болот» деп белгилеп кетти.

Баарлашуунун жыйынтыгында Аргентинадан келген коноктор  КР УИАнын окумуштууларын Буэнос-Айресте өтүүчү EXPO-2023 ( Илим, искусство, жана технология) Эл аралык көргөзмөсүнө чакырышты.   Ага даярдык иштери бүгүнтөн башталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: