Menu

Жалал-Абадда ашар жолу менен сел арыктар курулууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы “Кожо маале” участкасындагы Шерматов жана Хамза көчөсүнүн жашоочулары ашар жолу менен эки чакырымдык сел арыкты өздөрү куруп жатышат. Ошону менен шаарда коомчулук арасындагы коопсуз жашоо маданияты улам жогорулап баратат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта шаардык кеңештин депутаттары баштарын бириктиришпей, андан улам шаардын бюджети да бекилбей турат. Мындай абалда сырттан жардам күтпөй, өздөрүнүн көйгөйлөрүн өз аракеттери менен ашар жолу аркылуу бүтүрүп жаткан бул жашоочулардан башка аймактагы жашоочулар да үлгү алышса жакшы болмок.

– Арыктарды оңдоо, тазалоо боюнча жашоочулар өздөрү демилге көтөрүп чыгышкан. Анткени катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыктарга суу батпай, ашып-ташып, короо-жайларды каптап кетет да жергиликтүү калкка бир топ зыян келтирет. Агыг алдын алуу максатында шаар тургундары акча чогултушуп, сел арыктарды тазалоо, оңдоо, куруу иштерин алып барышууда. Сел арыкты куруу ишине 150 миң сом акча сарпталган. Керектүү материалдарды сатып алууда жашоочуларга айрым партиялар жана жеке ишкерлер жардам беришкен. Жалпысынан эки чакырым сел арык курулат. Азыр бир чакырымы бүткөрүлдү, -дейт ал.

Эскерте кетсек, аталган “Кожо маале” участкасынын миңдеген тургундары жазгы жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жыл сайын жогорку уюшкандыкта өткөрүшүп, айлана-чөйрөнүн таза жана кооз болушун камсыз кылышууда. Алардын мындай демилгесин шаардын башка аймактарынын тургундары да колго алышмакчы.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: