Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышып, аламанда бактысын сынап көрүү ниети барын ачыктады. Буга дейре Чыныбай Турсунбековдун КСДП партиясынын курамынан чыгып, шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катышаары туурасында жазган элек. Мындай чечимге келген Турсунбеков президенттик шайлоодон соң парламент тараса Жогорку Кеңешке өз алдынча партия түзүп чыгаары каңкууланууда. Мындай кадам аркылуу КСДПдан биротоло куйрук үзүп, өз алдынча партия лидери катары саясатта көрүнүктүү фигурага айланып, эч бир партиянын лидерине көз каранды болбоону көздөөдө. Турция жактан каражат жагы жакшы чечилген көрүнөт. Азыркыдай деңгээлге жетишине трамплин болгон КСДПны чанып жатканына караганда…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ