Чоң-Алай районундагы зилзаланын кесепетинен башпаанесинен толук ажыраган 550 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул жөнүндө Кызыл Крест жана жарым Ай коомунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ар бир үй-бүлөгө 13 миң 900 сомдон таратылды. Бирок, бул каражаттар жапа чеккендердин банктардагы атайын эсебине гана которулуп, ар бирине анын карточкалары гана таратылды.
Баса, Кызыл Крест жана Жарым Ай коомдорунун эсебине жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга жардам иретинде Европа Комиссиясынан 164 миң евро жана Австриянын Кызыл Крест коомунан 20 миң евро, мындайча айтканда, 6 миллион 609 миң сом которулган.
Бул акчалар Кызыл Крест жана Жарым Ай коомдорунун Оштогу өкүлчүлүгү тарабынан ээлерине жеринде тапшырылды.
Эске сала кетээрибиз: ушул жылдын 3-5-майында Чоң-Алайда жер титиреп, зилзаланын кесепетинен 610 турак жай бүлгүнгө учуруган.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ