Menu

Теңир-Тоонун каймактары Темир Сариевди колдоо үчүн баш байлашты

Бөлүшүү:

3-июль күнү Нарын облусунун мурдагы губернатору Турдубек Мамбетов баш калаадагы экс-депутат Абдреим Кулбаевге таандык «Tartuga» кафесинде Теңир-Тоонун аттуу-баштуу, коомчулук көзүңдөгү каймактарын чогултуп, казысы калың жылкысын көтөрө чалып, болушунча коноктоду.-Облустан чыккан үлкөндөрдүн катарында Кемелбек Ашыралиев, Накен Касиев, Жеңиш Досматов, Бейшен Болотбеков, Эмилбек Абакиров баштаган 130га жакын аттуу-баштуулардын чогулгандарынын максаты баягы эле президенттик шайлоону талкуулоо болду. Жыйындагы кызыктуу жагдай – тажрыйбалуу мамлекетчил инсан Бейшен Болотбеков топ жара трибунага чыгып, алдыдагы президенттик шайлоодо бир өрөөндүн кулундары бөлүнбөстөн «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», баардык жагынан табына келип турган, шайма-шай күлүк Темир Сариевдин талапкерлигине токтолуу идеясын көтөрөт. Кыраакы карышкыр жөн жерден маселе көтөрбөсүн сезген Кемелбек Ашыралиев баштаган залдагы көпчүлүктүн 90% Болотбековдун демилгесин жабыла колдошуп, Темир Сариевдин талапкерлигин аламанда Теңир-Тоодон алдыга уруп чыгаруу үчүн мунасага келишкенинен кабардар болдук. Буга дейре түштүктөгү калың колдоого ээ «Улуттар биримдиги» партиясын да дал, ушул Болотбеков «Ак шумкардын» лидерине карай бурганы кабарланган. Буга удааТаластагы командасын кошо Сариевдин тегерегине баш коштурган Бейшен Болотбековго кокус Темике жарыштан алдыга озсо кел-кели келет го?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: