Menu

Жаңы паспортту алуу менен улуттун пайдубалы урайбы?..

Бөлүшүү:

Паспорт столуна барып,«улуту» деген графа алынып салган жаңы паспортту алып жаткан жарандарды көрүп, ыңгайсыз абалда турдум. Ар бир кыргыздын уул-кызы үчүн бул ыза келтирерлик абал экен. Жаңы паспорттон жарандардын улутун көрсөткөн жазуу алынып салынганы боюнча конституциялык палатасына арыз берилди. Бул тууралуу тереңирээк билүү максатында эл кызыкчылыгын ойлоп, улуттун эртеңине тынчсызданган, жаңы паспорттон «улуту» деген графаны алып салууга жол бербөөгө аракеттенип, ар кандай иш-чараларды, курултайларды өткөрүп жүргөн мекенчилдерибиз менен азыноолак маек курдук.

Шамшыбек МЕДЕТБЕКОВ,
«Улутуңду унутпа» коомдук кыймылынын төрагасы:

– Баардык инсандарга кайрылып,«Улутуңду унутпа» деген коомдук саясый кыймыл түзүлгөн. Ошол «паспорттогу 5-графаны «улуту» дегенди алып салабыз» дегендерге каршылык билдирип, саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, жалпы эле коомчулуктун сунушу менен ошол кыймыл түзүлгөн. Ал кыймылдын төрагасы кылып мени шайлап алышты. Конституциянын эки статьясы одоно түрдө бузулуп жатат. Алар 20чы жана 38-статьялар. Биздин кайрылбаган жерибиз калган жок. Өлкөбүздүн президентинен баштап, өкмөткө, Жогорку Кецешке кайрылып келдик. Бирок, тилекке каршы, эч кандай түзүк жооп ала алган жокпуз. Булардын бир гана аргументи болуп жатат: «Эгер ошол бешинчи графа жок болсо, Кыргызстанда жашаган элдер өтө жакшы ынтымакта жашайт» деген. Башка аргументтери жок. Биз Конституциялык палатага арыз бердик. Конституциялык палата карап, биздин оюбузча мыйзамдуу бир чечим чыгарып берсе. Жалпы эл бизди колдоп жатат. Жаңы паспортту чала-була шашылыш киргизгендери да билинип жатат. Жаңы паспорт алгандар менен нотариус документтерди жасабай жатат. Жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы да жазылган эмес. Алар кошумча документгерди талап кылышууда, натыйжада иш жүргүзүү оор болууда.

Айбек МЫРЗА, туруктуу элдик кеңештин төрагасынын орун басары:

– 23-май 2017-жылы Кыргызстандагы «Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги» республикалык Улуттук Курултай өткөргөнбүз. Курултайдын чечимдеринин бири болуп, Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн жаны паспорттон «улуту» деген графаны алып салуу чечимин жокко чыгаруу талабы менен 28-июнь 2017-жылга чейин убакыт бергенбиз. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеште да, өкмөттө да курултайдын чечими аткарылган жок. Ошол себептен Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги түзгөн туруктуу элдик кеңештин атынан төрага Азимбек Бекназаров, «Улутуңду унутпа» кыймылынын атынан Шамшыбек Медетбеков жана Жыргалбек Касаболотов Конституциялык палатага өкмөттүн мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруу үчүн арыз менен кайрылды. Конституциялык палата арызды кабыл алды. Мыйзам боюнча арыз 5-6 айдын ичинде каралышы керек. Өкмөт өзүнүн бул чечими менен ар бир жарандын Конституциялык укугун бузду жана улуттук аң-сезимге балта чаап жатат. ТЭКтин атынан бул маселе боюнча сентябрь айында чоң акция өткөрөбүз. Кыргыз эли жаңы паспорттон «улуту» деген графаны алып салууга жол бербейт да. Ар бир кыргыз ойгонушу керек, намысына келиши керек, бул маселе үчүн күрөшүү керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: