Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Боршайкомго арыз бергендердин саны 16га жетти. Өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу арызын “Мукар жана профи” адвокаттык коллегиясынын адвокаты, Жогорку Кеңештин 1995-жылдагы чакырылышынын мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев БШКга жолдоду. Сыягы мындай темп менен кетсек, 2011-жылдагы президенттик шайлоо жолдо калат окшойт. Айтмакчы, Чолпонбаев баш болгон бир топ аткаминерлер «Элдик талапкер» коомдук-саясий кыймылын түзүшүп, президенттик шайлоого бир талапкерди алып чыгуу демилгесин көтөрүп жатышты эле. Көрсө кеп төркүнү бул жакта жаткан тура. Сыягы, жаңы түзүлгөн саясий кыймыл бирдиктүү талапкер деген чапан алдында Чолпонбаевди сүрөөнгө алалы деген максат менен уюшулган өңдөнөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ