Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан Кытайга эт, сүт, балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июлда, Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул туурасында маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан Кытай менен толугу менен айыл чарба, анын ичинде ветеринария жана фитосанитария тармагында эки тараптуу кызматташтыкты колдойт. Кытай делегациясынын сапары кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүүдөгү кызыкчылыктарды тастыктайт. Кытай биздин өлкөнүн бирден -бир негизги соода өнөктөшү экендигине карабастан, акыркы жылдары кыргыз товарларын Кытайга экспорттоо дээрлик өскөн жок. Мындан улам Кыргызстанда айыл чарба продукцияларынын колдонулбаган ири потенциалы бар.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, мал чарбасын өнүктүрүү жана экспортту өстүрүү менен байланышкан биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүнүн сунуштады.

Аталган милдеттерди ишке ашыруунун тездетүү үчүн Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына эт, сүт балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоо жөнүндөгү протоколго кол коюну тездетүү, ошондой эле биздин өлкөнүн аймагында агроөнөр жай технопарктарын жана айыл чарба өндүрүш парктарын түзүүгө киришүү маанилүү.

Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продукцияларына фитосанитардык уруксат берүү маселесин тез арада чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул өз кезегинде Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын сатууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Бул үчүн кытай тарап Кыргызстанда товарлардын сапатын текшерүү жана сертификат берүү боюнча лабороторияны куруу процессин тездетүүсү зарыл. Аталган чаралардын кабыл алынышы менен экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө сезилээрлик мүмкүнчүлүк берет.

Мындан улам Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары Жибек жолунун экономикалык алкагы – Кытай стратегиялык соода долбоорун түзүү идеясын колдой тургандыгын өзүнчө белгиледи. Жибек жолу экономикалык алкагы жана Евразиялык экономикалык биримдиги өз ара бири-бири менен атаандаш эмес, өз ара альтернатива болуп саналбайт, тескерисинче толугу менен бири-бирине дал келет жана толуктап турат.

Мындан улам кытай тарап менен бүгүн биздин алдыбызда турган тапшырмаларды чечүүдө кызматташууга өз ара пикир алышууга жана жемиштүү иштешүүгө ачыкпыз», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде КЭР товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг Сооронбай Жээнбековго жолугушуусу үчүн ыраазычылыгын билдирип, КЭР Мамлекеттик кеңешини Премьери Ли Кэцяндын салымын айтты.

Ал Кытай Өкмөтү Кыргызстан менен эки тараптуу, анын ичинде айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин өзгөчө белгиледи.

«Кыргызстан биз үчүн ынтымактуу кошуна жана боордош өлкө. Биздин достугубуздун көп жылдык тарыхын жогору баалайбыз», – деп баса белгиледи Чжи Шупинг.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: