Menu

Сооронбай Жээнбеков газ станцияларынын өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү максималдуу күчөтүүнүн талап кылды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 13-июлда газбаллон жабдыктарын колдонууда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы газбаллон жабдыктарын колдонуудагы жоопкерчиликсиз мамиле жана коопсуздук техникасын бузуу адам курмандыктарына алып келгенин белгиледи. Өзгөчө кооптуу окуялардын саны көбөйдү. Сооронбай Жээнбеков мындай кырсыктар көп учурда айрым жарандардын жана жеке ишканалардын газ жабдыктарын сатуудагы мыйзамсыз иш-аракетинен улам келип чыккандыгын белгиледи. Мындан тышкары, газ станциялары талап кылынган коопсуздук нормаларына туура келбейт. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

«Жылдан-жылга баасынын арзанына карап, унааларына газ жабдыктарын орноткон айдоочулар көбөйүүдө. Мындан улам газ станцияларынын саны да көбөйүүдө. Буга байланыштуу биз бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек”, – деп белгиледи Премьер-министр.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкөнүн аймактарында газдын жарылуусуна байланыштуу өзгөчө абалдардын кесепетин жоюу натыйжалары тууралуу маалымат берди. Анын билдиришинче бул окуялардын негизги себептери – газ-тиричилик буюмдарын туура эмес колдонуу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабоо. Тактап айтканда, суюлтулган газды өткөрүп жатканда басымдын чегинен ашыруу болгон. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай,  болуп өткөн текшерүүнүн натыйжасында белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында 116 унаа газ станциялары иштейт.

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери алардын өрт жана өндүрүш коопсуздук нормаларын, архитектуралык-курулуш нормаларын жана жер мыйзамдуулугун сактоо жаатында текшерип чыгышты. “Натыйжада экологиялык жана техникалык коопсуздуктун 233 эреже бузуулары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айып пул салуу түрүндө административдик чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, 10 унаа газ станцияларынын иши убактылуу токтотулду”, – деп билдирди Канатбек Муратбеков. Ал кошумчалагандай, газдын жарылуусуна байланыштуу окуялардын көбөйүшү жетишсиз көзөмөлгө байланыштуу. Бүгүнкү күндө газ станцияларында газды өткөрүп жатканда басымдын чегин көбөйтүүгө жол бербеген иштиктүү система жок. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков унаа газ станцияларынын ишмердигин жөнгө салуучу бирдиктүү эрежелер иштелип чыгуу зарылдыгы бар экенин айтты.  Бул эрежелер Евразиялык экономикалык биримдиктин техникалык регламенттеринин талаптарын эске алуу менен азыркы шарттарга жооп бериши керек. Буга байланыштуу Экономика министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Өнөр жай жана  жер казынасын пайдалануу боюнча  мамлекеттик комитетине суюлтулган газды ташуу, сактоо жана сатууну жөнгө салган өнөр жай коопсуздугу тармагында ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү тапшырылды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына газ станцияларында рейддик иш-чараларды күчөтүү, эреже бузуулар аныкталса, алардын жабылышына чейин катуу чараларды көрүү тапшырылды. Мындан тышкары, газ-тиричилик буюмдарын жана газ жабдыктарын колдонуудагы эрежелерди түшүндүрүү иштерин калк арасында жүргүзүүнү күчөтүү да тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: