Убагында Карабахка чейин согушууга барган, Түркиядан милициянын жогорку мектебин артыкчылык диплому менен бүткөн, жаш кезинде эрежесиз уруш боюнча жеңиштерге жеткен, опер кезинде юридика илимдеринин кандидаттыгын жактаган Жеңиш Жоробековду билгендер терең мааниде баалашат.
Дал ушул каарманыбыз буга чейин ГУУР баштаган тармакта опер болуп, андан соң шаардын бир канча райондорунда жол баштаган кызматкер, кийин Бишкек ГУВДсывда УУРдун начальниги, Москва районунда начальник милиции, ошондон кийин Чуй, кайрадан Бишкек УВДсында орун басар, анан Тогуз-Торого айдалып, кийин Жалал-Абаддын башкы милициясы катары төрт жыл үзүрлүү эмгектенди. Учурда Жеңиш мырза бош болгонуна байланыштуу чыгармачылык жана илимий иштер менен алектенүүдө. Докторлук ишин жазып атса керек. Кыскасы, мына ушундай бийик кадрды өгөйлөбөй Бишкек УВДсынын жетекчилигине апкелишсе куп жарашат эле, шайлоонун астында коомдук коопсуздук абалыбызды, дээрлик тартипти катуу кармап, мамлекет үчүн эмгегин өтөмөк. Бул боюнча шек да жок.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ