Тээ Акаев доорунан бери өмүрү бир күн кызматсыз калбаган экс-министр Марат Султанов соңку эки жылдан бери бош жүрөт. Кресло кучактабаганы менен бирди экиге курап, акча жасоонун миң түрлүү амалын өздөштүргөн банкир ушул күндөрү күнөскана куруп, айыл чарба иштерин кылып, буга удаа бул жааттан бизнес жасоо менен алпурушууда. Өнөктөштөрү да жөн-салды кишилер эмес, Европа, АКШдан келген бизнесмендер экендигинен кабардар болдук. Өзүн айыл чарба иштерине арнап жаткан Марат Султанов бүгүнкү экономикалык оош-кыйыш саясат, Атамбаевдик доордогу өлкөнүн ички-тышкы карызы, чыгаша-кирешелери боюнча азыноолак кебин тыңдайлы десек, жаа бою качууда. Же кайсы бийлик келбесин «төшөлө калчу» бу инсан кетээр бийликтин кемчилигин чубап, алдыдагы мураскерине жаман көрүнүүнү каалабай жатабы? Сезимталдыгы жагынан кыйын эле, алдыда бир нерсенин жытын искеп жаткан го? Болбосо адилеттүү пикирин айтууга даайт эле да.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ