Menu

Мамдума Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тааныган мыйзамды колдоду

Бөлүшүү:

Мамлекеттик дума Кыргызстан жарандарынын Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен иштөөсүнө уруксат бере турган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Өзгөртүүлөр «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамга жана Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске киргизилди.

1-июндан тарта чет өлкөлүк жарандардын Орусияда улуттук (орусиялык эмес) айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору күчүнө кирген.

5-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн таануу сунушун расмий түрдө колдогон.

Эми кыргызстандыктар Орусияда (орус тилинде) сынактарды тапшырбастан эле мекенинде алган документтер менен айдоочу болуп иштей алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: