Акыркы убактарда катуу иштеп, маселени кабыргасынан коюп жаткан баш бакан Сооронбай Жээнбеков бул ирет чек ара бекеттериндеги коррупция элдин өкмөткө ишенимин төмөндөтүп жатканын сынга алды. Баш бакан чек арачылардын дарегине абдан көп даттануулар түшүп жатканын билдирип, Чек ара кызматындагы жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүүнү баса белгилеп, атайы тапшырма берди. УКМК болсо Чек ара кызматында төрт ири коррупциялык схема аныкталганын белгиледи. Биздики белгилеп тим болчу эле. Белгилебей эми ошол коррупциянын белин сындыргыла, жеп -ичип жаткандардын оозун тындыргыла. Бул ишти баш бакан катуу көзөмөлдөйт деген ишеничибиз бар.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ