“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 17-июлда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга төрагалык кылган Алмазбек Атамбаев жол-транспорттук кырсыктардын саны өсүшүнө байланыштуу түзүлгөн кырдаал, айрыкча анын кесепетинен балдар каза болуп жатканы, кардиналдуу жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жаткандыгын баса белгиледи.
““Алтын” жаштар (чоңдордун балдары – ред.) адамды өлтүрүп алып, ата-энеси акча берип түрмөдөн алардын башын арачалай албайт деп билгидей болсун. Мас айдоочулар –жанкесер канкорлор. Мас абалында жол кырсыгын жасап, адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочулардын жоопкерчилигин катуулатыш керек”,- деди Атамбаев жыйында катышып олтурган КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун көзүнчө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2011-жылы августтун таңында Ысык-Көлдөн кайтып келаткан ал кездеги Бишкек мэри, азыркы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев Токмоктун тушундагы айланма жолдо оор джип машинасы менен катуу ылдамдыкта карама-каршы жолго чыгып кеткен да чакан машинаны талкалап салган. Анын ичиндеги Ысык-Көлгө эс алууга бараткан 20-22 жаштардагы 2 жигит 1 кыз ошол жерден мүрт кетишкен. Токмок соту Азамат Исаевди анын күнөөсүнөн 3 жаш адам каза болгонуна карабай 7 жылга шарттуу кесип, эркиндикке чыгарып жиберген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ