Иштеген жерин ириткен Алмаз Кадыркулов деген бар. “Кыргызтелеком” ишканасын, Мүлк фондун башкарып, коомчулукка жалаң тескери жактары менен дайын болгон. Максим Бакиевдин “куйруктарынын” бири катары тар чөйрөгө белгилүү. Ишинен майнап чыгарбаган, ар качандан бир качан чырлуу жерден төбөсү көрүнгөн бул эргулдан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эптеп кутулган. Ырасында, кызматтан алмак түгүл, баскан изин тыкыр текшерип, темир тор артына отургузуп койсо деле жарашмак. Бирок андай болгон жок. Эми бул кыраан Сапар Исаковго жармашып, “Таза коом” долбооруна мурдун тыга албай жүрүптүр. Кирген жерин чириткен мите курттай болгон немени ал долбоорго жолотсо, жакшы ниет менен башталган иштин ойрону чыгат го.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ