Пакистандын Пендаб провинциясындагы Лахор шаарында жардыруу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча кеминде 25 киши каза болуп, 50дөн ашык адам жаракат алды. Мерт болгондордун 10у полициячы экени кабарланууда.
Өлкө ИИМинен жаракат алгандардын көбүнүн абалы оор болгондуктан, каза болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн билдирүүдө.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Талибан» кыймылынын Пакистандагы өкүлдөрү алышты.
Жардырууну женкечти террорист жасаган. Ал мотоцикл менен базардын кире беришине келип өзүн жардырган. ИИМдин маалыматына караганда, анын максаты көбүрөөк полициячыны өлтүрүү болгон.
Кечээ Кабулда жанкечти террорчулар бараткан унаа жарылып, 40ка жакын жай тургун каза болгон. Ал теракт үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылынын экстремисттери алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ