Menu

Орусия жана Европада АКШнын санкциялар тууралуу мыйзамы сынга алынууда

Бөлүшүү:

Орусиялык аткаминерлер жана депутаттар Москвага каршы жаңы санкцияларды караган, ошону менен бирге президент Трампка аны жокко чыгарууга же жумшартууга жол бербеген мыйзамды сынга алышты. Бул арада Евробиримдик эгер мыйзам ЕБнын энергетикалык коопсуздугуна кедергисин тийгизсе, ыкчам чараларды кабыл ала турганын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 26-июлда жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасы бир күн мурда кабыл алган мыйзамды Вашингтон менен Москва ортосундагы “алакалардын турукташуусун бузууга багытталган кадам” катары баалады.

Москва менен кошо Тегеранга жана Пхеньянга каршы санкцияларды киргизүүнү караган мыйзам долбоору 419 добуш менен 25-июлда кабыл алынды. Каршы болгону үч гана адам добуш беришти.

Сенат качан карары белгисиз.

Мыйзамдын акыркы долбоору президент Трамптын колуна август айынын экинчи жарымында тиери күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: