Menu

Исхак Масалиев: “Мен жеңишке жетүү үчүн президенттик шайлоого аттандым”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, сиз да президенттик таймашка аттанмакчы экендигиңизди ЖМКлардан окуп калдык. Бул таймашта кимдин шансы канчалык экени эмитен эле белгилүү болуп калды окшойт. Анан ошолордун фонунда сиз өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүздү кандай баалайсыз?

– Ким айтты белгилүү болуп калганын? Кагазга отуз жети, отуз сегиз фамилияны жазып, телевизорду карабай, радиону укпай туруп ойлонсоңор. Же «бир жарым миллион шайлоочуну сатып алса болот» деп ойлойсуңарбы? Андай болбойт да. Бул шайлоонун парламенттик шайлоодон айырмасы чоң. Көрөсүңөр, таптакыр башкача кырдаал болот. Эч ким күтпөгөн, күтүүсүз көрүнүштөр болушу ыктымал. Ал эми өзүмдүн шансым жөнүндө айтсам, күрөшкө чыккандын баары утуу үчүн чыгат эмеспи. Болбосо эч ким чыкпайт эле да. Канчалык деңгээлде ишке ашат, добуштар канчалык деңгээлде уурдалат, бул башка маселе.

– Менин айтканым, бул шайлоодо каалайбызбы-каалабайбызбы, акча маселеси чоң ролду ойнойт. Сиздин атаандаштарыңыздын көбү аябай бай кишилер…

– Акча деп атасың… Беш жүз миң адамдын добушун сатып алам десе билесиңби канча акча керек? Бир да талапкер анча акчаны бербейт. Эгер баарын акча гана чече турган болгондо, анда эмне үчүн башкы талапкерлер коркуп отурушат? Ырас, уюштуруу, үгүт иштерине каражат керек. Бир гана коркунуч – кээ бир талапкерлер шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн сатып алуулары мүмкүн. Аны эми көрөбүз го. Талапкерлердин ортосунда ынтымак болсо эле таймашып көрсө болот.

– Бирок, оппозициялык блоктун ичинде ынтымак байкалбайт го?

– Али убакыт бар. Талапкерлер өз ара жолугушуп, бири-бирин ынтымакка чакырышат. Анан оппозиция дегенде, Бабанов эмне оппозиция эмеспи? Формалдуу түрдө оппозиция. Төрөбаев эмне оппозиция эмеспи? Формалдуу түрдө ал деле оппозиция. Андыктан, мен айтаар элем, тыянак чыгарганга шашпагыла.

– Азыр эмне менен алексиз? Округдарга бардыңызбы?

– Бул ай бизде дем алыш да. Чарбалык иштер менен жүрөм. Билесиңер да, өзүмдүн балык чарбам бар. Ондогон тонна балык өстүрүп, ошону шаардыктардын дасторконуна жеткирүү менен алекмин…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: