Президенттик шайлоого аттангандардын арасынан Темир Сариев өтө активдүү иштеп жатат. Бир сыйра Кыргызстанды чарк айланып чыкты. Майрам күндөрүн текке кетирбей куттуктоо айтып, ал түгүл шоу-концерт болгон жерге да жетип барып, эптеп коомчулуктун көзүнө көрүнүү менен алек. Минтип жандалбастап жүргөн жаны ойдо жок жерден 2010-жылдагы банк ячейкаларынан уурдалган миллиондорго менин тиешем жок деп актанып чыкты. Сыягы, Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн көбү жооп берээрин айтып коңгуроо какканынан жүрөгү зырп дей түшкөн көрүнөт. Минтип «Банк ячейкалары боюнча окуяга менин эч кандай тиешем жок. Ячейкалар ачылып жатканда мен жок болчумун, ошол учурда таптакыр башка суроолор менен алек элем», – деп күйгүлтүккө түшүп, алдын-ала актанып жатканы неси? Суроо жаралбай койбойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ