Menu

Саясатчы Садыр Жапаров 11,5 жылга эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту  25-марттан бери абакта жаткан Садыр Жапаровду 11,5 жылга эркинен ажыратуу жана айыбын күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө тартуу өкүмүн чыгарды.

Анын алдында сот Садыр Жапаровго тагылган 4 айыптын үчөөсү боюнча далилдердин жоктугуна байланыштуу айыпталуучуну толугу менен актады. Ал эми төртүнчүсү – ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган айыбы боюнча Садыр Жапаровду күнөөлүү деп таап, 11,5 жылга жаза өтөө өкүмүн угузду.

Сот өкүмүн угузары менен соттогу темир тордо олтурган Садыр Жапаров: “Бул бийликтин буйрутмасы. Менин күнөөм жок. Мен жогорку инстанцияларга арызданам” деп кыйкырды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 28-июлда сотко чакырылган жабырлануучу Эмилбек Каптагаев :”Соттук иликтөөдө мени барымтага алууну Садыр Жапаров уюштурган деген бир да далил жок экен. Садыр Жапаров эч кимге Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп айтпаптыр. Ошондуктан менин Садыр Жапаровго дооматым жок” деп билдирген.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: