Menu

Медведев: “Орусияга соода согушу жарыяланды”

Бөлүшүү:

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Кремль америкалык администрация менен мамилени жакшыртуу боюнча үмүтүн үзгөнүн билдирди.

“Орусияга толугу менен соода согушу жарыяланды”,– деди Медведев. Ал санкциялык режим он жылдап сакталарын билдирди. АКШ президенти санкцияны Конгресстин макулдугусуз жокко чыгара албагандыктан, Москва менен Вашингтондун мамилеси курч болорун айтты.

Буга чейин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын жаңы санкциялары “де-факто эч нерсени өзгөртпөйт” деп айткан.

2-августта АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга карата жаңы санцияларды киргизген. Тиешелүү мыйзам долбоорун АКШ Сенаты жактырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: