Ош облусунун Өзгөн шаарында 2017-жылдын 3-август күнү саат 21:45те Рахимов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыгып, дүкөндүн жана 2 турак үйдүн чатыры толук күйгөн. Жабыркагандар жок. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымы такталууда.
Саат 23:10до чыккан өрт чектөөгө алынып, 4 август күнү саат 00:04тө толугу менен өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ