Menu

Астанада антиорусиялык санкциялардын таасирин иликтөөдө

Бөлүшүү:

Казакстандын Энергетика министрлиги Орусияга каршы киргизилген америкалык жаңы санкциялардын мунайгаз долбоорлоруна тийгизе турган кесепеттерин иликтөөдө.

АКШнын санкциялары Орусиянын мунайгаз жана банк секторлоруна дагы тиешелүү, бул Казакстандын Энегретика министрлигин тынчсыздандырууда. Tengrinews агенттиги кабарлагандай, министрлик Каспий деңизинин Орусияга тиешелүү бөлүгүндө ишке ашып жаткан долборлордун тобокелчиликтерин иликтөөдө.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 7-августта өкмөт башчы Бакытжан Сеитовду кабыл алып, санкциялар казак экономикасына таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскерткен.

Энергетика министрлиги кабарлагандай, Карачаганак долбоору коркунучтан тышкары, бирок Каспий өткөрмө түтүктөр консорциумун кеңейтүү пландары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Себеби акциялардын басымдуу бөлүгү орус тарапка тиешелүү.

АКШ Конгресси өткөн айдын соңунда Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага президент Дональд Трамп кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: