Menu

Тажикстан Иранды 1990-жылдардагы коомдук ишмерлердин өлүмү үчүн күнөөлөдү

Бөлүшүү:

8-августта Тажикстан Иранды 1990-жылдардагы жарандык согуш маалындагы чуулгандуу адам өлтүрүүлөрдү колдоого айыптады. 1999-жылы Тажикстан парламентинин мурдагы төрагасы Сафарали Кенжаев дагы киши колдуу болгон.

Тажикстандын мамлекеттик телеканалында 45 мүнөттүк даректүү тасма көрсөтүлдү. Фильмде ТИМ башчысы Тегеран Тажикстандагы жарандык согушту тутантууга кызыктар болгонун жана Ислам партиясына каржылык колдоо көрсөтүп, Ирандын аймагында террорчуларды даярдаганын ишара кылды.

Министрликтин маалыматына караганда, каржылык колдоолор жана кол салуу үчүн көрсөтмөлөр Ислам партиясына анын кол башчыларынын бири Ходжа Халим Назарзода аркылуу берилип турган. Назарзода 2015-жылы Дүйшөмбүнүн алдындагы куралдуу тополоңду басуу маалында өлтүрүлгөн.

1997-2004-жылдар аралыгында Тажикстанда бир катар коомдук ишмерлер өлтүрүлгөн. Дүйшөмбү менен Тегерандын ортосунда чыңалуу буга чейин эле болуп келген, бирок Тажикстан бул сапар биринчи жолу Иранды ачык күнөөлөөдө.

Иран элчилиги тасма эфирге чыккандан кийин тажик тараптан түшүндүрмө талап кылды. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы 9-августта Тажикстандын Ирандагы элчиси башка өлкөдө жүргөнүн, бирок элчилик жакын арада тасманы иликтеп чыгарын билдирди. “Биз мындай жалган маалымат кайдан чыкканын жана аны ким таратканын такташыбыз керек”,- деп билдиришти элчиликтен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: