Борбордук шайлоо комиссиясы президентгик шайлоонун чыгымын бекитти. Расмий маалыматка ылайык, шайлоо өткөрүү каражаты 671 миллион 502 миң сом болот. Акча республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандагы 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 350 кыска мөөнөттүү жана 24 узак мөөнөттүү байкоочуларын жөнөтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.
ЕККУнун курамьша кирген өлкөлөрдөн келген байкоочулар бүткүл өлкө аймагында шайлоо процессине көз салат. Алар ошондой эле шайлоо өнөктүгүн массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга да мониторинг жасайт. Буга чейин Бишкекте ЕККУнун борбору иш алып барчу. Кыргызстан бийлигинин өтүнүчү менен анын макамы майдын башынан тарта программалык кеңсе катары өзгөртүлгөн.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ