Menu

Иран расмий түрдө Тажикстандын айыптоолорун четке какты

Бөлүшүү:

Тажикстандагы Иран элчилиги Тегерандын дарегине айтылган айыптоолорду расмий түрдө четке какты.

“Жарандык согуш маалындагы чуулгандуу киши өлтүрүүлөрдүн негизги уюштуруучусу жана демөөрчүсү катары Иранды айыптоо – өтө күмөндүү ”,– деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүк тараткан маалыматта.

Билдирүүдө даректүү тасма соттолгон кишилердин көрсөтмөлөрүнө жана көзү өтүп кеткен адамдардын билдирүүлөрүнө негизделип даярдалганы жана бул чындыкка коошпой турганы кошумчаланган.

Элчиликтин пикиринде, Тажикстан ИИМи тарабынан даярдалган тасма эки элдин кызыкчылыгына каршы келет жана анын авторлору Тажикстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилени буза албайт. Тасманын авторлору көздөгөн максаттарына жетпейт деп эсептейт элчилик.

8-август күнү кечинде бардык мамлекеттик телеканалдардан Тажикстан ИИМи тарабынан даярдалган 45 мүнөттүк даректүү тасма көрсөтүлгөн. Тасмада 90-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаган, алар тажик коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын жеке тапшырмасы менен белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди өлтүргөн деген тыянак чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: