Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынан жаш жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ӨКМдин басма сөз кызаматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-майда 1998-жылы туулган жигит Папан суу сактагычына чөгүп кетти деген кабар келип түшкөн. Жерине куткаруучулар келип, издөө иштери жүргүзүлгөн.
23-май күнү таңкы саат 06:00дө издөө иштери улантылып саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ