Menu

Канат Исаев интригадан арыла албай…

Бөлүшүү:

«Эски адат калбайт» дегенге ишениш керек экен, эй! Интрига деген иттей жаман илдеттин атасын тааныткандар «илибой» жерден бул адатын кармата берет тура. Өткөндөн сабак алуу, кадыр-баркын кастарлап тутуу дегенден айрылып калгандардан сактай көр, жараткан. Дегеним, күздө өтө турган президенттик шайлоого аттанган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын съезди менен шайлоого катышмакчы болгонун шардана кылган. Көрсө Канат мырза «Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги менен макулдашпай туруп өз билгенин кылыптыр. Съездде аны эч ким аттап, тондоп узатпаганын айтып чыгышты. Ансыз да ичинен ирип турган «Кыргызстан» партиясы азыр онго бөлүнүп ашмалтайы чыгып жатыптыр. Канат Исаев өтпөсүн билет, бирок, максаты эмнеде болду экен. Өзү башында туруп түзгөн партиясын өзү талкалашында эмне негиз бар?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: