Menu

Өзбек бийлиги жоюлган банктын кардарларынын акчаларын алып койду

Бөлүшүү:

Жети жыл мурда жоюлган «Алп Жамол Банктын» ондогон кардары банк эсептеринде калган акчаларын дагы деле ала албай жүрүшөт. Аты-жөнүн айтууну каалабаган Ташкенттеги жеке фирмалардын биринин ээси банктын эсебинде ондогон ишкердин миллиарддаган сум каражаты калганын билдирди.

– «Алп Жамол Банкы» жоюлгандан кийин анын бардык кыймылсыз мүлктөрү, каражаттары, биздин эсептердеги акчаларыбыз мамлекетке өткөн. Жети жыл өткөнүнө карабастан дагы деле каражатыбызды ала албай жүрөбүз. Бул боюнча президентке да кайрылдык, бирок андан дагы эч кандай майнап чыккан жок, – деп билдирди ал.

2010-жылы Өзбекстандын Борбордук банкы мыйзам бузган деген жүйө менен жеке коммерциялык «Алп Жамол Банктын» лицензиясын чакыртып алган. Бул окуядан кийин банктын жетекчиси Мухиддин Асомиддинов Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматына караганда, ишмердүүлүгүн токтотуу маалында «Алп Жамол Банктын» активдери 118 миллиард сумду же 67 миллион АКШ долларын түзүп, кардарларнын саны 115 миңге жетип турган.

Жоюлган банктын иши менен жакшы тааныш экенин айткан ташкенттик ишкердин айтымында, «Алп Жамол Банктын» эсебинде калган 3 миң ишкердин акчасы мамлекетке өткөн. «Менин фирмамдын банк эсебинде 80 миллион сумга жакын акча бар болчу, алар мамлекетке берилди. Бул боюнча Борбордук банкка кайрылсак аларда акчаларды мамлекетке алуу тууралуу соттун чечими бар экенин айтышты. Бул жеке ишкерлик үчүн чоң сокку болду», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: