Menu

Абдылдажан Акматалиев: “Мактымбаев тил сынагынан оппозициялык мүнөздөгү сөзү үчүн кулап калуусу мүмкүн эмес”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкердин «тил сынагынан оппозициялык пикирим үчүн куладым» дегенине эксперттик комиссия жооп берди. «Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Калмамат Мактымбаев тил сынагынан оппозициялык мүнөздөгү сөзү үчүн кулап калуусу мүмкүн эмес», — деп билдирди талапкерлерден тил боюнча сынакты кабыл алган эксперттик комиссиянын төрагасы Абдылдажан Акматалиев. Бул туурасында SUPER.KG маалымат порталына шилтеме жасап, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтуусуна караганда, талапкер Калмамат Мактымбаев өзү билдиргендей компьютерлерден сынакты жакшы тапшырып, оозеки сынактан кулабастан, тескерисинче компьютерден сынакты өтө начар тапшырган.

«Ал айтып жаткандай оозеки сынакта оппозициялык мүнөздөгү сөзү үчүн кулаган жок. Биз анын саясий сөзүнө баа берип, программасына кирише албайбыз. Ал тескерисинче, жакшы көрсөткүчтү оозеки түрүндөгү сынак тапшырууда алган. Негизи сынак 4 бөлүктөн өтөт, 3 сынакты компьютерден тапшырып, 1 сынакты оозеки тапшырат. Алардын ар бири 100 баллдык өлчөм менен бааланат. Калмамат Мактымбаев лексика, грамматика боюнча сынакта нөл балл алган, угуу боюнча сынакта 20 балл, окуу боюнча бөлүгүндө 30 балл алды. Ал эми оозеки сынактан болсо башкалардыкына салыштырмалуу жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, 48,4 балл алган. Жалпы анын алган баллдарын кошконубузда 98,4 балл болду. Бул санды 4 тапшырмага бөлгөндө 24,6 баллдан тийди», — дейт Абдылдажан Акматалиев.

Эскерте кетсек, буга чейин тил сынагынан кулап калган президенттикке талапкер Калмамат Мактымбаев «сынак учурунда оппозициялык маанайдагы сүйлөгөн сөздөрүм да кулап калуума себеп болду окшойт» деген пикирин билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: