Бүгүн, 14-августта Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кылмыш ишине байланышкан соттук отурум өтмөк. Ал отурум 8:30га белгиленген. Бирок, судья Эрнис уулу Айбек күзөтчүсү менен бирге шаша-буша бир жака барып келип, отурумду кечигип, саат 10дон өтүп баштады.
“Бүгүн эртең менен 8ден өтүп калган кезде Айбек Эрнис уулу телохранители менен Биринчи Май райондук сотуна кирип, 10 минуттан кийин шаша-буша кайра чыгып, атайын машина менен зуулдап кетип калды. Кайра саат 10дон өткөндө келди. Анча эмне шашты деп ойлонуп калдым” – деп жазат фейсбук колдонуучусу Жакшылык Бердибек уулу өз баракчасына.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ