Menu

Видео – Мирзиёев Алмалык шаарынын төрт жетекчисин кызматтан алды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Алмалык шаарына жасаган 11-августтагы сапары маалында калаанын төрт жетекчисин кызматтан алды. Жумуштарынан администрация башчысы, ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, салык жана каржы бөлүмдөрүнүн башчылары кол жуушту.

Президент Мирзиёев аталган аткаминерлердин бул орундарга татыксыз экенин белгилеп, бардык район башчылары тармактын ар бир аймагында өзүнчө иштеп, өзүнчө жашабагыдай жаңы системаны сунуштады.

«Мамлекет тармак башчысына аталган райондо турак-жай бөлүп берет. Ар бир жетекчи эл дем алган аба менен гана дем алат: эгер жарык жок болсо жарыксыз, жол жок болсо жолсуз, суу жок болсо суусуз жашайт. Ар бир жетекчи нандын, эттин баасынын жогорулаганын, базарлардагы жоопкерсиздикти өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезип жашасын», – деди ал.

Podrobno.uz агенттигинин маалыматына ылайык, президент Алмалыктын жаңы акими кызматына Юнусабад районунун мурдагы акими Мирагъзам Миркасимовду дайындады. Ал кызматынан ушул жылдын мартында, өлкө башчынын аталган районго болгон сапарынан кийин бошотулган.

https://youtu.be/2m_dzqQ9o5U

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: