Menu

Роза Отунбаева: “Сапар Исаков 2010-жылы Максим Бакиевдин жанында жүрүп, кыргыз элчилерине “Максим Бакиев только Американын президенти менен жолугуш керек!” деп талап кылчу”

Бөлүшүү:

“Лигласс” менен болгон иш Кыргызстандын дүйнөдөгү репутациясына аябай катуу сокку урду. Дүйнө “Кыргызстан чын эле банановый республика экен” деп ойлоп жатышат. Ошол эле Чехияда баары бизге күлүп жатышат. Биздин өкмөт болсо эч нерсе болбогондой олтурушат”, –  деп билдирди Роза Отунбаева “Жалбырак” видеоканалына берген интервьюсунда.

“Булардын баары Максим Бакиевдин университетинен өткөн, ошонун жанында жапжакын болуп жүргөн, иштеген жигиттер, кыздар. Сапар Исаков бая күнү өзү айтып жатат, Сапарды Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөн жеринен өкмөткө Медет Садыркулов алып келет экен. Анда Атамбаев өкмөт башчысы, Садыркулов президенттик администрациянын жетекчиси эле. “Бир жакшы жигит таап берем” деп Сапарды алып келет экен. Ошондо сапар Тышкы иштер министрлигинде жөнөкөй эле клерк болуп иштеп жүргөн жеринен өкмөткө алып келип, ошол жерден анын карьерасы момундай тик учкан спутниктей өсүп жатпайбы. Эми Сапардан “Садыркуловду өлтүргөндө силер эмне кылдыңар?” деп сураса “Биз унчуккан жокпуз, биз корктук!” деп жооп берип жатат. Ал эми биз депутаттар, ошонун эртеси эле Жогорку Кеңеште бет маңдайыбызда СНБ, Коңгайтиев олтурганына карабай кекиртектен алганбыз, ачыгын айтканбыз. Ал эми бул балдар болсо азыр өкмөттү башкарып жүрүшөт. Мына, Замира Сыдыкова да жазды, ал киши 2010-жылы Кыргызстандын Америкадагы элчиси болчу. 6-апрелде Максим Бакиев Америкага учуп барганда кошо жүргөн Сапар Исаков “Максим Бакиев только Американын президенти менен жолугуш керек” деп элчинин астына катуу талап койгон. Максим Бакиев Кытайга барганда ал жердеги биздин элчиге да Сапар Исаков “Максим Бакиев Кытайдын эң чоң кызматтагыларына гана жолугушу керек” деп талап койчу”, – деди Роза Отунбаева.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: